Ош самсасы

Билесизби, анын аты Нарында да, Ысык-Көлдүн жээгинде да "Оштун самсасы" бойдон өзгөрүүсүз калат. Ооба, ал Ош самсасы, ал Оштун "бренддеринин бири". Алдыда дал ушул азык тууралуу сөз болот.
Жөнөкөй пияз жана эт. Бул эки азыкты бириктиргенде унутулгус даам даяр болот да калат.

Албетте, камырга оролуп, анан азыноолак татымалдар кошуларын эсепке албаганда. Бул азыкты кээде шорпосу менен тартышат. Ал төрт бурчтуу, кээде тоголок формада.

Ошко "даамдуу тамактардын мекени" деген наам тээ илгери эле берилген эмеспи. Ошол себептүү Оштун бренди делген самсакананы табуу оңой болгон жок. Бирок, көпкө буйдалган жокпуз. Сураштырып, көпчүлүктүн пикирин эске алуу менен шаардын чет жакасындагы 3 түрлүү самса жасаган ашканага жол тарттык.
Ош самсасынын жасалышы
"Самсанын камырын 1 күн мурда жасап коюшат" деген сөздү арабызда бирөөсү угуп калган экен. Ошентип, самсаканага 1 күн мурда бардык. Кеч калыптырбыз. Камырды жасап, тыныктырууга коюп үлгүрүшүптүр.

Кийинки процессти өткөрүп жибербейли деп эртеси күнү таңкы саат 5.30да кайра бардык. Бул учурда Адахам аке шакирти экөөлөп камырды бөлүп жатышыптыр.Бирок, биз күткөндөй таразага салып, ар бир камырды граммдап кесүү болгон жок.

Көрсө, иштегенине 20 жыл болгон самсачыга кол ченем менен көз ченемден өткөн тараза жок белем... Зувала [камырды тоголоктоо] кылууда гана алакан ченемден аша түшкөнүн чымчып алып коюп жатышты. Камырды зувала кылып алышкан соң бир аз тыныктырышты да аны жая башташты.
Фаршты (анын даярдалуу жолун ылдыйда айтабыз) салып жатканда чоң-чоң болуп кесилген куйрук майды ар бир түйүмгө кошушту. Айрым кардарлар ачуу даамданган самсаны сүйгөндүктөн, кээ бирлерине аз-аздан ачуу (калемпир) кошулду. Ошол ачууларына белги катары сейдана сээп коюлду. Самсалар түгөл даяр болгондо гана тандырга от жагылды.

Биз тандаган каармандар көпчүлүк сыңары самсаны жер тандырга жабышат экен. Ал эми отко кадимки пахтанын сөңгөгүн жагышты.
Ошентип, тандыр кызыганча саат 7.30дун жебесин урду. Андан соң үч түрлүү самсанын баары түгөл тандырга жармаштырылды.

Эми самсанын бышканын күтүү керек...
Бул учурдан пайдаланып каарманыбызды сөзгө тарттык. Анын айтымында, самса жасап иштегенине быйыл 25 жыл толуптур. Сөзүнүн арасында "көпчүлүктү тамшанткан чоң самсаны да эң алгач биз жасаганбыз" деген мактанычын кыстарып өттү. Бирок, соодасында көбүнчө кичине самса өтүмдүү. Ошол себептүү чоң көлөмдөгүсүн азыраак жасашат. Анткени, чоң самсаны башкача бир талап менен жеген киши аз. Ошентсе да, кызыгып жегиси келгендер күн ара баш багып турушат.
"Чоң самсаны башында кардар тартуу максатында эле жасагам. Азыр болсо "Оштун самсасын" Бишкектен атайын буюртма кылып алдыргандар, жадагалса, Москвага салдыргандар да кездешип калды. Бирок, адамдардын баарына жагуу мүмкүн эмес. Жактыргандар рахматын айтат, сын-пикир билдирип, "ушул нерсени азыраак кошсоңор дагы да жакшы болмок" дегендер да жок эмес. Кээде "учакка чыкканга чейин жеп кетейинчи" деп шашылып келгендер да болот (күлүп)"

Адахам Жораев
самсачы
Ош самсанын даамдуу фаршы кантип даярдалат?
Самсага малдын моюн жана сан эти керектелет
Ийгиликти багындырган адам анын сыры менен толук бөлүшүүсү мүмкүн эмес. Өзгөчө тамак-аш жасагандар. Анын сыңарындай, биздин каарман деле жашырчусун сыр катып, кээде азыноолак кылтыйтып койгон болушу ыктымал. Ошентсе да, бизге маалым болгон, биз көргөн маалымат менен бөлүшөлү. Албетте, Адахам Жораевдин айтуусуна таянуу менен.

Фарш көп болуп калса, быша электе тандырдан кулап түшөт экен - десек каарманыбыз аны жокко чыгарды. Ошентип, майда тууралган пияз, ири тууралган этке зире, кашнич жана туз кошулду. Куйрук май болсо чоң тууралып өзүнчө бөлөк коюлду. (Дал ушул учурда, самсанын эти жандыктын моюн жана сан этинен алынарын кошумчалай кетели)

"Камырга ун, күн карама майы, жумуртка, туз кошулуп, катуу жуурулат", – деди самсачы. Ал эми камырды ийлөө процесси алгач жарым саатты талап кылат. Тыныгуу сайын улам ийлеп туруу камырдын чырайлуу болушуна алып келет. Жуурулуп даяр болгон камыр 1 күн турса жетиштүү. "Албетте, камырдын ийлениши самсынын сырткы көрүнүнүшө толук түрдө таасир берет", - деди ал.

Саат 9:00
Бул учурда самсага кардар келип калды. Бирок, чоң самса али быша элек болчу. Анын себебин эти жумшак бышуусу үчүн дагы тура турсун деп түшүндүрүштү.

Акыры, жыты буркураган "Оштун бренд самсасы" бышты. Алыңыздар, кичинеси - 35 сом, орточосу - 70 сом, ал эми эң чоңу - 140 сомдон :)
Биз үчөөбүз 140 сомдук самсага кеңири тойдук. Дээри 1 кишиге орточо көлөмдөгү самса деле тоюмдуу болчудай. Анткени, фарш жалаң эт, куйрук майдан турган үчүн киши бат тоё түшөт.

Кыскасы, биз да курсакты кампайттык! :)

Ал эми самсаканада соода уланып жатты.
Кардар көп болгон күнү түшкө чейин "Ош самса" калбайт. Кечигип кетсе, кечки саат 4-5 ке барып толук сатылып бүтөт. Андан соң, кийинки күндүн камылгасы башталат. "Жол-жобону өзүмөн үйрөнгөн 10 чакты шакиртим да ушул эле айланада эмгектенишет. Самса соодасы өтө кирешелүү деп айтуудан деле алысмын. Тиричилик кылуудамын. Мен жасаган тамакты жактырып жеп турушса, бул мага стимул да", - деди самсачы.

Самсачынын 1 күндүк чыгаша/кирешеси

Ун - 16 кг
Эт - 12 кг
Жумуртка - 6 даана
Өсүмдүк майы - 1,3 литр
Куйрук май - 4-5 кг
Зире, кашнич, калемпир - татымына жараша

Бул азыктардан

100 даана - майда 35 сом/3500
50 даана - орто 70 сом/3500
7-8 даана - чоң 140 сом/1120

самса чыгат
Байкашыбызча, кичине самса, орточо жана чоң самсанын даамынын айырмасы деле жок. Болгону кеп көлөмүндө гана. Балким, чоң самсанын ичиндеги эттин көлөмү чоңдур :)

Айырманы сиз байкап көрөрсүз. Бул үчүн сизге Оштун самсасын жеп көрүү бактысы жылмайышы керек...
Авторлор:
Алтынай Балтабаева, Адина Досумбетова, Гүлжан Эшбаева
Made on
Tilda